Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтып жаткан сөзүн аяктай албай, эмне дээрин, эмне айтарын билбей далдырап туруп калуу, апкаарый түшүү. Бек оозунан сөзү түшүп, эмне дээрин билбей, селдейип калды (Каимов). Бий алдына барганда мындан бетер момпоюп-тымпыйып, оозубуздан сөз түшөт (Сыдыкбеков). Курманжан оозунан сөзү түшүп, кабагын үйрүй тиктеп калды (Касым-беков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтып жаткан сөзүн аяктай албай, эмне дээрин, эмне айтарын билбей далдырап туруп калуу, апкаарый түшүү. Бек оозунан сөзү түшүп, эмне дээрин билбей, селдейип калды (Каимов). Бий алдына барганда мындан бетер момпоюп-тымпыйып, оозубуздан сөз түшөт (Сыдыкбеков). Курманжан оозунан сөзү түшүп, кабагын үйрүй тиктеп калды (Касымбеков). В.: Оозунан кеби түшүү. Аларды көргөндө эле айыпкер шордуулардын сүрү качып, ооздорунан кеби түштү бейм, теңир? (Сыдыкбеков). Амир Музафар оозунан кеби түшүп, нестейип токтоло калды (Касымбеков). Таң калганынан Орозкул оозунан кеби түштү (Айтматов). Тиги эси чыгып, ооздорунан кеби түшүп калгандар да сыртка чыгышты (Айтматов). Оозунан сөзү ыргуу. Капитан столду муштап какыйганда, Ысактын оозунан сөзү ыргып кандай чыга качканын билбейт (Садыбакасов).